Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-декабры №199
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги муниципалдык биргелешкен ишканасынын администрациясы менен келишимдин негизинде , ичүүчү таза суунун төлөмүн Мырза-Аке айыл аймагына караштуу социалдык обьектилерге, коммерциялык ишканаларга суу өлчөгүчтөр орнотулганга чейин,келишимдик баада жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Кимсанов |
|
|