Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры №200
Келип түшкөн доогерден өндүрүлгөн 104 800 сом каражатты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен “Тазалык” ишканасына которуп берүүнү сураган “Тазалык” ишканасынын жетекчисинин арызын, айылдык кеңештин сессиясы карап, талкуулап «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келип түшкөн доогерден өндүрүлгөн 104 800 сом каражатты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен “Тазалык” ишканасына которуп берүүнү сураган “Тазалык” ишканасынын жетекчисинин арызы канааттандырылсын.
2. Келип түшкөн доогерден өндүрүлгөн 104 800 сом каражатты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен “Тазалык” ишканасына которуп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Кимсанов |
|
|