Редакцияот 17.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын ХXVII сессиясы

 

2019-жылдын 17-январы №27/1

Дөбөлү айыл аймагынын жер комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 статьясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары женүндө типтүү жобонун» 3 пунктусунун негизинде Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагында Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун тартиби жана шарттары менен берүү максатында, төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы   - Аракеев Акылбек Дөбөлү айылдык кеңештин депутаты, дыйкан чарбанын жетекчиси

Мүчөлөрү                             - Касымова Жайна, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

- Токталиев Бердибек, Дөбөлү айыл өкметүнүн жер адиси

- Курманов Жыргалбек, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айыл башчысы

- Алымбаев Жыргалбек, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Алыш айыл башчысы

- Султанов Жаныбек, Дебөлү айылдык кеңештин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы.

- Камбаров Эрнис, Дөбөлү айылдык кеңештин депутаты, дыйкан чарбанын жетекчиси.

Макулдашуу менен           - Суранчиев Орозбек Нарын районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын турак жай адиси

                                               - Кемелов Талант, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын башкы адиси

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Уланбек уулу Ж.