Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында , Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 8416,9 миң сом көлөмүндө,атайын каражаттар 630,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Бюжеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-бирдиктүү киреше салыгы 2567,0 миң сом;
- милдеттүү патент салыгы 5,5 миң сом,
- ыктыярдуу патент салыгы 105,0 миң сом;
- мүлк салыгы 23,0 миң сом;
- транспорт салыгы юридикалык жак 10,0миңсом;
- транспорт салыгы жеке жак 223,5 миң сом;
- короо алдындагы жер салыгы 111,5 миң сом;
- улуш 219,3 миң сом;
- айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 245,3 миң сом;
- сатуудан алынуучу салык 540,0 миң сом;
- лицензия алуудан төлөмдөр 145,0 миң сом;
- айыл ичиндеги жер арендасы 24,0 миң сом;
- жайыттын арендасы 421,5 миң сом ;
- КБФ нын жерлеринин арендасы 32,6 миң сом;
- тазалык жыйым 11,6 миң сом;
- теңдештирилген грант 3732,1 миң сом.Бардыгы 8416,9 миң сом.
3. Бюжеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
- Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 12 штат, кичи персонал 3 штат ,эмгек акысы 3742,4 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 553,3 миң сом болуп бекитилсин.
- Маданият кызаткерлеринин штаттык бирдиги 8,5 штат,эмгек акысы 711,1 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 122,7 миң сом болуп бекитилсин.
- Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдарына 281,0 миң сом бекитилсин.
- Күйүүчү май үчүн 105,0 миң сом;
- Автоунаага запастык тетиктерди алууга 20,0 миң сом,
- Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 40,2 миң сом ;
- бала бакчалардын тамак-ашына 567,0 миң сом;
- бала бакчалардын учурдагы ремонтуна 30,0 миң сом;
- Клубдун жылуулук системасын капиталдык оңдоого 190,4 миң сом;
- көмүр сатып алууга 1125,6 миң сом;
- электр энергиясын төлөөгө 928,2 миң сом.Бардыгы 8416,9 миң сом.
4. Киреше бөлүгүнө бекитилген бирдиктүү киреше салыгынын көлөмү 2019-жылга бардык түшкөн жыйымдан жергиликтүү бюджетке 70% калган убакта да 1416,4 миң сомго аткарылышы күтүлүүдө.Ушул себептен бирдиктүү киреше салыгы 1150,6 миң сомго, сатуудан түшүүчү салык 147,6 миң сомго көп коюлуп калгандыктан 2019-жылда пайда болуучу бюджеттик дефицитти жабууга жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кошумча республикалык каражаттан 3 млн.сом суралсын.
5. Атайын каражатка ата-энелерден тамак-ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү 594,0 миң сомдун өлчөмүндө бекитилсин.
6. Тиешелү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Уланбек уулу Ж. |