Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн пайдалануу максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 313,1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-Токтосунов орто мектебинин окуучуларын Ак-там участкасынан тартып келүүгө 39,8 миң сом,
-Алыш орто мектебинин окуучуларын Салкын- төр участкасынан тартып келүүгө 20,0 миң сом,
- Токтосунов атындагы орто мектептин балдарын ташыган автоунаанын ремонтуна 32,1 миң сом,
-жолбун иттерди атууга 10,0 миң сом,
-Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине 10,0 миң сом,
- Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесине 92,2 миң сом,
-Запастагы аскерге милдеттүүлөргө атайын кийим алып берүүгө 24,0 миң сом, -Абиров атындагы орто мектептин ашканасынын капиталдык ремонтуна 85,0 миң сом. Бардыгы 313,1 миң сом.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Уланбек уулу Ж. |