Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/4
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган атайын каражатты пайдалануу,ата-энелерден тамак-аш үчүн алынуучу каражаттын тарифин бекитүү жана "Небере келечеги" балдар бакчасынын имараты турган жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинде жыл башына калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 44,6 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын:
-"Аруу тилек" балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга 1,6 миң сом;
-"Небере" балдар бакчасынын тамак-аш алуудан карызын жабууга 21,4 миң сом; -Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана алардын кесепетин жоюуга пайдалануу үчүн күйүүчү май алууга 21,6 миң сом.
3. Демөөрчүлүк негизинде ата-энелерден бала бакчадагы балдарынын тамак-ашына алынуучу взностун көлөмү айына 400 сом деп бекитилсин.
4. Небере келечеги" балдар бакчасынын имараты жайгашкан жана анын айланасындагы 25 сотых жер аянты Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп алынсын.Ага эквиваленттүү жер аянты башка жерден Усубакунов Калдыбайга кесилип берилсин.
5. Тиешелүү документтерди даярдоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн
6. Токтомду аткарлышын камсыз кылуу жагы Э.Турганбаевага, К.Малаевага, Б.Токталиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Уланбек уулу Ж. |