Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы №27/6
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинен курулуучу 100 орундук мектепти Кенеш айылынын калкынын өсүү тенденциясын эске алып, 150 орундук мектеп кылып, жогорку органдардан жана тиешелүү мекемелеринен документтерин бүткөрүү максатында Дөбөлү айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылындагы курулуучу 100 орундук мектепти Кенеш айылынын калкынын өсүү тенденциясын эске алып, 150 орундук мектеп кылып, тиешелүү мекемелеринен документтерин бүткөрүү боюнча жогорку органдарга кайрылуу жолдомолору менен иш аракеттер көрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Абиров орто мектебинин башчысынын милдетин аткаруучу С.Осмоновго тапшырылсын.
3. Көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын башчысы У.Алсейитовго жүктолсүн.
Тѳрага | Уланбек уулу Ж. |