Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-августу №27/25
Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Коргон айылынын түштүк тарабында жайгашкан 450 кв.м. жер аянты жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Коргон айылынын түштүк тарабында токой тарапка кайрылуучу жолдун жанында бош жаткан 450 кв.м. жер муниципалдык менчикке алынсын. каттоодон өткөрүү жагы Манас райондук мам. катоодон суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Жакыпбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|