Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры №27/26
Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы оорукананы муниципалдык менчикке алуу жөнүндө Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оорукананын ичи өтө эле оор абалда, дубалдары урап түшүүдө, терезе эшиктери сынып талкаланган, жылыткыч батареялары жок, чатырынын жарымы жок табийгат кырсыктарынан алып кеткен, чатыр жыгачтары чирип, тегерек чети тозулуп кеткендиги, кароосуз калгандыгы үчүн муниципалдык менчикке алуу жагы суралсын.
2. Муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча документтер тийиштүү мекемелерге жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Н Сыдыковго жана Мыйзамдуулукту сактоо, укуктук тартип, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш транспорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссия төрагасы Е.Мамыралиевге жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|