Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры №27/38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан келген Типтүү жоболорду Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган авто унаа каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча үчүн усулдук колдонмонун жобосу бекитилсин .
3. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосун жана” Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөттөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештеринин этикалык кодекси бекитилсин.
5. Жергиликтүү аксакалдар сотторунун ишинин регламентин бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовго жүктөлсүн.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|