ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын 3 сессиясы
2017-жылдын 1-февралы № 3-1
Төөлөс айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысынын өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагы боюнча ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысынын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысынын өлчөмү, индентификациялоодон өткөрүлгөн ар бир мал башына 32 сом 24 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |