Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №22/2
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 22-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү-12041,4миң сомго, анын ичинен өздүк киреше-2153,5 миң сом, теңдөөчүү грант-5925,9 миң сом, атайын каражаттар-404,1 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средста передаваемые)-1152,3 миң сом, мурунук жылдан өткөн калдык-2405,6 миң сом жана чыгаша бөлүгү -9239,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү -11181,3 миң сомго жана чыгаша бөлүгү -11776,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9718,4 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-6782,3 миң сомго, өздүк киреше 2936,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго бекитилсин.
4. 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы-9873,7 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-6782,3 миң сомго, өздүк киреше 3328,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго) 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы-9979,8 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант-6234,7 миң сомго, өздүк киреше 3745,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго) бекитилсин.
5. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Жээналиев |