Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №22/3
2019-жылы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 балдар бакчасына ата-энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтү боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 588,0миң сомго бекитилсин.
2. Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысы сметада каралган суммадан ашыкча киреше тушсө,кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Жээналиев |