Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры №20/78
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, маселени кароодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын У.Гулматов атындагы №9 орто мектебининн окуучусунун өлүмүнө алып келген кырсык боюнча Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.П.Жусуповдун жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Ж.Матосмонованын маалыматтары эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Д.Матосмонова) жана шаардык ички иштер бөлүмүнө (А.Жусупов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген компетенцияларга ылайык, Кызыл–Кыя шаарынын У.Гулматов атындагы №9 орто мектебининн окуучусунун өлүмүнө алып келген кырсык боюнча тийиштүү чараларды көрүү, көрүлгөн чаралар боюнча маалыматты шаардык кеӊешке берүү жана жалпы шаардагы мектеп окуучулары арасында рэкетчилик жана башка тартип бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча максаттуу профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Дарипова |
|
|