КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №20/79
Кызыл–Кыя шаарынын аймагында улуттук каада салттарды жана үрп адаттарды иретке келтирүү, аш, тойлордогу ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча Кызыл-Кыя шаарынын I Элдик Курултайынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 11-ноябрындагы №32 протоколунун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2018–жылдын 22–октябрындагы №01–8/1860 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
4. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында улуттук каада салттарды жана үрп адаттарды иретке келтирүү, аш, тойлордогу ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча Кызыл–Кыя шаарынын I Элдик Курултайынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
5. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
– улуттук каада салттарды жана үрп адаттарды иретке келтирүү, аш, тойлордогу ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча Кызыл–Кыя шаарынын I Элдик Курултайынын чечимдеринин аткарылышынын камсыз кылуу максатында, шаардагы кварталдык жана үй комитеттери, АТОлор аркылуу эл ичинде түшүндүрүү иштерин активдештирүү жагы;
– шаардын I Элдик Курултайынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү боюнча шаардын активи менен өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде, элдик жыйындарда маалымат берип туруу жагы.
6. Кызыл–Кыя шаарынын баш имам–хатиби М.Кожониязовго шаардагы диний кызматкерлер менен биргеликте эл арасында аш, тойлордогу жана маркумду акыркы сапарга узатуу, мааракелерин өткөрүүдөгү ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Дарипова |
|
|