Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №1
Сарай айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл аймагынын штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл аймагынын 2019-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 113787,0 миң сом, анын ичинде 3300,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Сарай айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджети 2018-2022-жылдарга белгиленген өнүгүү стратегиясын аткарууга: Ак Өргө айылындагы жолду курууну аяктоо, Киров айылына стадион куруу, Тельман, Эркин жана Коңурат айылдарына мини фудбол талаасын куруу, Киров айылындагы айлампа жолго тротуар куруу, Миялы айылына 60 орундуу мектеп куруу, Тельман, Киров, Ак Өргө, Эркин, Коңурат айылдарынын суу түтүктөрүн ремонттоо, акыр чикир ташуучу машина жана ажаатканалардын ахлеттерин чыгаруучу машина алууга сарпталсын.
3. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 37, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 6, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис 3, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 403 келишим менен 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
4. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2019-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.
5. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
6. Сарай айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 жана 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кеңешинин иш планынын негизинде сессиясында каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Э.Арзиев |
|
|