Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы №55
Айдаркен шаардык мэриясынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу көлөмүн «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик Кодексинин» мыйзамдарынын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү ФЭБ нүн башчысы Б.А.Эркинбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, шаардык Кенештин туруктуу комиссиясында каралып, киргизилген сунуштарды эске алуу менен III чакырылыштын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын 2019-жылкы бюджетин шаардык кенештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөр менен, №1; жана №2-тиркемеге ылайык жыл ичинде өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен бекитилсин.
2. 2020-2021-жылдарга шаардык мэриянын бюджетин болжолдуу планы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2019-жылга шаардык мэриянын бюджетинен каржылануучу чыгымдар биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак –аш, коммуналдык чыгымдар) чыгымдоолор жүргүзүлсүн.
4. Шаардык мэриянын 2019-жылкы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелеринде каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
5. Бюджеттик жана атайын каражаттарды регионалдык казынаны айланып өтүү менен сарптоого тыюу салынсын.
6. Шаардык мэриянын 2019-жылга бекитилген бюджети 2019-жылдын 25-январынан баштап ишке киргизилсин.
Тѳрага | Р.Х.Хамбаров |
|
|