Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №20/90
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына жана «Мыкты» депутат наамына жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунуш берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын тургуну Эсенаманова Эрмек Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына татыктуу экендиги белгиленсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Чынгыз Үсөнович «Мыкты» депутат наамына татыктуу экендиги белгиленсин.
3. Сары-Булак айылынын тургуну Эсенаманова Эрмекке Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Чынгыз Үсөнович «Мыкты» депутат наамын берүү жагы Кочкор районун жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунушталсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |