Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы

 

2018-жылдын 18-декабры №20/91

Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесине, Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10-бөлүмүнүн 10,1 бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрү болгон төмөндөгү адамдарга Айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

1. Жаналиев Туйгунбек Ботоевич

2. Раимкулов Асанкул

3. Кыдырмаев Мелс Асанбекович

2. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулуна» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдардын күбөлүктөрүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т. Жумамүдүн уулу