Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №21/92
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары- Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калкты маданий жактан тейлөөдө Каракужур айылдык маданият үйүндө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Каракужур айылдык маданият үйүн башчысы Р. Токтоматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракужур айылдык маданият үйүн башчысы Р. Токтоматовдун жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Дааталуу күндөрү маданий массалык иш чараларды өткөрүүдө коомдук уюмдар, жалпы эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы Каракужур айылдык маданият үйүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |