САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
2018-жылдын 28-декабры №21/95
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адисинин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары- Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары- Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси Д.Тайдаеванын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси Д.Тайдаеванын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу менен үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу, социалдык жактан тейлөө маселелери боюнча жарандар жана социалдык мекемелер менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси Д.Тайдаеванын тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |