Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №21/96
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары- Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары- Булак айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу столунун, мал чарбачылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча инспекторунун жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу столунун, мал чарбачылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча инспектору М.Алиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу столунун, мал чарбачылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча инспектору М.Алиевдин жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери канааттандырылык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында аскерге милдеттүүлөрдүн так эсебин алып, алар менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты жана калктуу конуштун аймагын коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу, жарандык коргонуу боюнча иштерди алып баруу, диний экстримизм менен бирге мечиттер менен иш алып баруу, айыл чарба жаныбарларына ветеринария- санитариялык, эпизотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыгы жана жайыт комитетинин иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу столунун, мал чарбачылык, өзгөчө кырдаалдар боюнча инспектору М.Алиев тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |