Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №21/98
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин төрагасы Т.Абдыкеримовдордун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2017- жылда кетирилген кемчиликтерди аткаруу жагы «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин төрагасы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
3. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ишине көзөмөлдүктү күчөтүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |