Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №22/106
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин (тиркеме тиркелет).
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык Кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай,коммуналдык маселер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
НАРЫН ОБЛУСУНУН КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУНУН ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУНУН
КЕЛЕК ПЛАНЫ
Киришүү бөлүгү
Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кочкор районунун күн чыгыш тарабынан орун алган. Бишкек шаарынан 310 км алыстыкта, Балыкчы темир жолунан 120 км алыстыкта жайгашкан жана түндүк тарабынан Каракужур суусу менен, чыгыш тарабынан Нарын району менен, түштүк тарабынан Нарын району менен, батыш тарабынан Ак-Кыя айыл аймактары менен чектешет.
Деңиз деңгээлинен бийиктиги – 2800 км. Айыл өкмөтү 1976-жылы түзүлгөн. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөт жана айылдык кеңеши жайгашкан административдик борбор болуп эсептелет. Сары-Булак айыл өкмөтү облустун борбору Нарын шаарынан 120 км,
Кочкор районунан 60 км аралыкта турат.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2 калктуу пункт бар:
1.Ак-Кыя айылы
2.Сары-Булак айылдары.
Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2018 - жылдын 1-январына карата 1216 адамды же
204үй-бүлөнү түзөт. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2 мектеп, 1 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 фельдшердик-акушердик пункт, 1 байланыш бөлүмү, 1 маданият үйү, 1 коомдук мончо, 2 китепкана бар.
Айыл өкмөттүн экономикалык негизинен мал чарбачылыгы түзөт, жерлер негизинен малга тоют камдоо катары пайдаланылат.
Мал чарбачылыгында негизинен майда жана ири мүйүздүү мал, жылкы багуу басымдуулук кылат. Континенталдуу, кургак салкын жай жана кыш суук. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө +15-25ºС, январь-февральайларында -25-30ºС. Суук күндөрдүн узундугу 145 күндү түзөт. Кар катмары бийик тоо аймактарында жатат. Ички өрөөндөрдө кар аз жаайт, айрым жерлеринде кышы бою жер кара. Шамалдын багыты-батыш. Шамалдын ылдамдыгы 19 дан 28 м/с чейин жетет, 3,5- 4,0 км белгилеринде-55 м/с чейин барат. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 700 мм ден 900 мм ге чейин өзгөрүп турат.
Айыл аймагынын аймагындагы тоо этектеринде боз топурактын уландысы, бозомтук-күрөң топурак. Өрөөндөрдүн түз жерлериндеги окшош топурактардын типтеринен катмарларынын жукалыгы менен айырмаланат. Жер кыртышынын үстүңкү айрым бөлүктөрү шагылдардан турат. Айрым аймактарында кыртыш суусунун жердин үстүңкү бөлүгүнө чукул жайгашкандыгы билинет.
I. БӨЛҮМ.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы Мурдагы чарбаларды кайра түзүүнүн натыйжасында учурда айыл өкмөтүнүн
аймагында -173029 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер -220 га, калктуу конуштардын жерлери 35,11 га.
1.Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин курамы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 220 га, анын ичинен кайрак айдоо 16 га, чөп чабынды 204 га жери пайдаланууда.
2.Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу 2019-жылга карата АКФ нын 194,57 га жери пайдаланууда, анын ичинен 16 га кайрак айдоо жана 1178,57 га чабынды жер жеке жактарга ижарага берилген.
2019-жылга карата мөөнөтү бүтүүчү жерлер, анын ичинен кайрак айдоо 2,2 га, чабынды 8,89 га жер «аукционго» коюлганы турат.
2019-жылга карата конкурс аркылуу берилген 1,0 га чабынды жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына -500,0 сом, социалдык төлөмдөр -10 сом, жер салыгы - -25 сом; 1,0 га кайрак жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына -500,0 сом, социалдык төлөмдөр -37,0 сом, жер салыгы -30 сом.
3.Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун пайдаланылбаган жерлери 2019-жылдын 1-январына карата АКФ нын жерлеринин баардыгы болуп 25,43 га жер таштак, коргул болгондугуна байланыштуу пайдаланылбайт.
4.Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдаланууга болгон талап
Сары-Булак айыл өкмөтүндө АКФ нын жерин алганга туруктуу суроо талап бар. АКФ нын чабынды жерлерин 0,20 гектардан 5,0 гектарга чейин ижарага алууну каалап __ адамдан арыз түшкөн.
Сары-Булак айыл өкмөтүндө өзгөчө коргоого муктаж болгон 6 үй-бүлө бар, АКФ нын жеринен жеңилдетилген шартта болжол менен ар бир үй-бүлөгө 0,20 гектардан берилиши зарыл.
Жер алууну каалаган социалдык багыттагы башка субьектилер катталган эмес.
II. БӨЛҮМ.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча
Ижара келишимдеринин мөөнөттөрүнүн аягы:
∙2019-жылы 9,9 га жердин ижара мөөнөтү аяктайт;
∙2022-жылы 45,98 га жердин ижара мөөнөтү аяктайт;
∙2023-жылы 82,81 га жердин ижара мөөнөтү аяктайт;
∙2024-жылы 41,90 га жердин ижара мөөнөтү аяктайт.
∙2025-жылга 19,63 га жердин ижара мөөнөтү аяктайт.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү
1.Жалпы жоболор
1.АКФ нын жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
2.Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3.АКФ нын жерлерин ижарага берүү максатында Сары-Булак айыл өкмөтү курамы 7 адамдан турган жер комиссиясын түзөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
-1 айыл өкмөтүнүн башчысы;
-3 айыл кеңешинин депутаты: төрага, жер адис, жооптуу катчы; -1 аксакалдар соту; -1 коомдун өкүлү; -1 айыл башчысы;
Райондун агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлү (байкоочу катары).
4.Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти Сары-Булак айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
5.Жер комиссиясы: -Лотторду түзөт;
-Ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт; -Конкурстун шарттарын аныктайт; -Кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт; -Лоттордун чек араларын аныктайт;
-Ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт; -Ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт; -Ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн белгилейт;
-Ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
-Тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
-Ушул Келечек планда белгиленген башка кызматтарды жүзөгө ашырат.
6.Тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт: -Жер комиссиясынын мүчөлөрү; -Аукциончу;
7.Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
8.Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн формада арыз жана төмөнкү документтерди беришет:
-Аукционго, конкурска катышууга арыз;
-Инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана зарыл учурда өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
-Кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;
-АКФ нын жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алган учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жер салыгын төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
-Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп конвертке салып беришет. Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.Тооруктарга катышуу жөнүндө арыз талапкер (арыз берүүчү) тарабынан же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет.
9.Жер комиссиясынын катчысы атайын журналга берилген арыздарды, ошондой эле III бөлүмдүн 8-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана каттайт. Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүү күнүнө 5 күн калганда токтотулат.
10.Катчы (аукциондун,конкурстун) каттоо күнүн жана номерин көрсөтүү менен документтерди кабыл алуу жөнүндөгү билдирүүнү (№1-тиркеме) тооруктарга катышууга арызды жана баардык зарыл документтерди алгандан кийин берүүгө милдетүү. Тоорукка катышууга документтерди кабыл алуу жана каттоодон баш тартуу ушул пунктта каралган тартипте жүргүзүлөт.
Катчы кабыл алынган документтерди жер комиссиясынын кароосуна жиберет.
11.Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№1 тиркеме) анда баардык уруксат берилген арыз ээлеринин
(талапкерлердин), ошондой эле III бөлүмдүн 12-пунктуна ылайык тоорукка катышууга уруксат берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
12.Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн -арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу
мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде; -тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон
документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер талаптарга жооп бербесе;
Кабыл алынбаган арыз менен документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
13.Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5% нен 10% тине чейинки өлчөмдө аныкталат, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнөн 15% нен 30% тине чейинки өлчөмдө белгиленет.
14.Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмдү ар бир лот боюнча төлөнөт.
15.Кепилдик төлөмдү төлөөдө аны төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилет.
16.Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
-жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда; -жеңүүчү АКФ нын жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда;
17.Калган учурларда кепилдик төлөм:
-тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген күндөн тартып; -тоорук бүткөн күндөн тартып; -тоорук өткөн жок деп таанылган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде
кайтарылууга тийиш.
18.Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
1.1.АКФ нын жер участокторун ижарага аукцион аркылуу берүү 19.АКФ нын жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-
пландоо аймактарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан кызыктырган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
20.Аукционго коюулуп жаткан ар бир жер участогу өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
21.Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
-лоттун номери;
-жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);
-участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен; -ижара акысы;
-баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20% тен кем эмес жогору болушу керек);
-аукцион «арымы»;
-ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү; -сервитуттардын болушу же жоктугу;
22.Айыл өкмөт аукционду өткөрүүгө 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде аукцион тууралу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдетүү, анда;
-контурларынын баяндамасы менен бирге лоттордун тизмеси; -аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду; -ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
-кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
-ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү индексациялоо жөнүндө шарттар; -ар бир лот боюнча аукциондун«арымы»; -арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
-аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
-аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги;
-ар бир лот боюнча жылдык жер салыгынын өлчөмү көрсөтүлөт.
Муну менен бирге Айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
23.Аукциондун «арымы» Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10% нен 20% не чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун «арымы» аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
24.АКФ нын жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөттүн башчысы тарабынан аукциончу дайындалат.
25.Аукцион лоттун аталышын негизги мүнөздөмөлөрүн баштапкы ижара акысын жана аукциондун «арымын» аукциончу жарыялагандан кийин башталат.
26.Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны «аукциондун арымына» жогорулатуу менен аныкталат. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукциончу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукциончу аукциондун «арымына» ылайык кийинки бааны жарыялайт.
27.Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
28.Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (№1-тиркеме). Протоколго ошондой эле аукциончу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар болот: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участогун ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү, ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
29.Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
30.Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгондон тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде айыл өкмөт менен ижарачынын-аукциондунжеңүүчүсүнүн ортосунда жер участогун ижаралоо келишими (№1- тиркеме) түзүлөт.
31.Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет: а) аукционго бир катышуучу катышса;
б) Келечек пландын 29-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билетин көтөрбөсө.
32.Белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат. Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15% тен көп эмес. Эгер экинчи тоорук 31-пункттун «а» пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участогун экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралу чечим кабыл алууга укуктуу.
33.Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участогун конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
1.2.АКФ нын жер участокторун ижарага конкурс аркылуу берүү 34.АКФ нын жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер
пландоо аймактарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле III бөлүмдүн 33-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.
35.Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерге конкурс тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдетүү, анда:
-лоттун номери;
-жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);
-участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен; -конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү; -ижара мөөнөтү; -сервитуттун болушу же жоктугу;
-арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
-конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
-конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
36.Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
-конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
-конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).
Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
37.Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок дер эсептелет: -бир катышуучу катышса;
-III бөлүмдүн 48-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
38.Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
39.Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участогу ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
40.Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участогу түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
41.Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытта өткөрүлгөн Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучулары менен бирдикте берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
42.Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучулары менен бирдикте арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
43.Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасына добушу чечүүчү болуп эсептелет.
44.Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
45.Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
46.Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (№1-тиркем).Анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
-Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
-конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары; -конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан баардык мүчөлөрү конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
47.Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде айыл өкмөт менен ижарачынын-конкурстунжеңүүчүсүнүн ортосунда жер участогун ижаралоо келишими (№1-тиркеме) түзүлөт.
IIIбөлүмдүн 47-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө ал Жер комиссия тарабынан жер участогун ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
48.Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
49.Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
1.3.АКФ нын жер участокторун ижарага түз берүү 50.АКФ нын жерлерин ижарага тоорук менен эмес түз сүйлөшүүлөр жолу менен
берүүнүн субьекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
-ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар; -АКФ нын бош калган жерлерин ошондой эле ушул III бөлүмдүн 40-пунктунда
каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар; -мамлекеттик асыл тукум чарбалар, үрөнчүлүк чарбалары, тажрыйбалык-
уруктандыруу жана эксперименттик чарбалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө;
-социалдык багыттагы субьекттер.
Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин социалдык багыттагы субьекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.
1.3.1.АКФ нын жерлерин социалдык багыттагы субьекттерге ижарага берүү 51.АКФ нын социалдык багыттагы субьекттерге жана жакыр үй-бүлөлөргө,
жарандарга ижарага берүү Келечек планга ылайык экономикалык жактан кызыктыруучу жерлердин аймагынан жүргүзүлөт. Мында берилүүчү жерлердин жалпы аянты АКФ дагы баардык жерлердин 20% нен ашпашы керек.
52.Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субьекттер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.
53.Жер комиссиясы арыздарды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АКФ нын жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субьекттердин тизмесине түзөт.
54.АКФ нын жерлерин социалдык багыттагы субьекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
1.3.2.АКФ нын бош калган жерлерин, ошондой эле экинчи жолу конкурс болгон жок деп таанылганда жерлерди ижарага берүү
55.АКФ нын бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер пландоо аймактарынан, ошондой эле III бөлүмдүн 40-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.
56.Бул участокторуна талапкерлер айыл айыл өкмөткө арыз беришет.
57.Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.
1.3.3.АКФ нын жерлерин мамлекеттик асыл тукум чарбаларга, үрөөнчүлүк чарбаларына, тажрыйбалык-уруктандыруу жана эксперименттик чарбаларга ижарага берүү
58.АКФ нын жерлерин мамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрөөнчүлүк чарбаларына ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер пландоо аймактарынан жүргүзүлөт.
59.Бир айылдык, поселоктук кеңеш боюнча мамлекеттик асыл тукум чарбаларына, үрөөнчүлүк чарбаларына берилүүчү айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участоктору Келечек планда каралууга тийиш.
1.3.4.АКФ нын жерлерин ушул айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан аз камсыз
болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага берүү
60.Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөржана жарандар айыл өкмөткө жакыр үй-бүлөнүн статусун тастыктоочу документинин көчүрмөсүн тиркөө менен арыз берет.
61.Жер комиссиясы арызды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АКФ нын жерлери ижарага берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмеси түзүлөт. Биринчи кезекте ушул айыл өкмөттүн аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берилет.
2.Корутунду бөлүк
2.1.АКФ нын жерлерин ижаралоо келишимдерин түзүү жана аны мамлекеттик
каттоо 62.АКФ нын жер участогун ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү)
карабастан, айыл өкмөт ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ 3 нускада жер участогун ижаралоо келишимин түзөт.
63.Ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүүлүгө тийиш.
64.Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.
65.Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү менен келишим түзүүгө укуктуу.
66.Ижара акысы мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү белгилүү суммадагы төлөм жана (натуралай) айыл чарба азыгы түрүндө төлөнүшү мүмкүн.
67.Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин
30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участогун ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
-жер участкасын ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен пайдалануу; -жер участогун анын максаттык багытын бузуу менен пайдалануу; -кыртыштынасылдуулугун олуттуу начарлатуу; -келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысын төлөбөө;
-келишимде белгиленген милдеттенмелерге ылайык инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
68.Ижарага алынган жер участогу башка жактарга суб. ижарага берилиши мүмкүн эмес.
69.Ижарага алынган жер участогуна болгон укук менен ипотека келишимин түзүүгө болбойт.
2.2.Акча каражаттарын бөлүштүрүү 70.АКФ нын жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн
каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдиктер төлөмдөр тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
АКФ нын жерлерин пайдаланганы үчүн ижара төлөмүнүн суммасы АКФ нын жерлерин жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу үчүн жумшала турган каражаттардын өлчөмү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.