Редакцияот 20.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2018-жылдын 20-октябры №15/5

Бел айыл аймагынын башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Бел айыл аймагынын башкы планы жок болгондуктан жана азыркы учурда айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максаттарында айылдын башкы планын иштеп чыгуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнун жер адисинин милдетин аткаруучу Абабакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Бел айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагынын башкы планы иштелип даярдалсын.

2. Бел айыл аймагынан элдик жыйым топтоп, башкы планды ишке ашуруу учун Кыргыз Республикасынын аймагындагы башкы планды даярдоо ишканаларынан тандоо жолу менен ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Айыл аймагынын башкы планынын архитектуралык пландоо тапшырмаларын даярдоого керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Бекботоев Т.М.