Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-октябры №15/6
Айыл аймагындагы калктын саны жыл сайын өсүп, кожолуктардын санынын өсүүсүнө алып келүүдө. Бирок бүгүнкү күнгө чейин айыл аймагында таштанды таштоочу атайын жай болбогондуктан айыл тургундары таштандыларды туш келди таштап, айлана-чөйрөнүн санитардык абалын булгап жатышат. Бул экологиянын бузулушуна алып келет. Таштандыларды таштоо үчүн Кузгун-Таш бөлүмүнөн жер ажыратып берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин 2018-жылдын 9-октябрындагы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагында жашаган калк жана кожолуктар үчүн таштанды таштоочу жай үчүн Кузгун-Таш бөлүмүнөн 34-35 контурдан 1 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Бел жайыт комитетинин 2018-жылдын 9-октябрындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Сунуштун негизинде ажыратылган 1га жер аянтына, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Бекботоев Т.М. |
|
|