Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 2/3
«2016-жылга Кербен шаарындагы иштердин жалпы абалы жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо иш-чараларынын аткарылышы туралуу» Кербен шаарынын мэри А.Апсаматовдун отчёту жөнүндө
“2016-жылда Кербен шаарындагы иштердин жалпы абалы жанасоциалдык-экономикалык өнүктүрүү,калкты социалдык жактан коргоопрограммасынын аткарылышы жөнүндө” Кербен шаарынын мэринин отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 8-пункчасына ылайык, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“2016-жылда Кербен шаарындагы иштердин жалпы абалы жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө” Кербен шаарынын мэри А.Апсаматовдун отчёту эске алынсын.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ж. Шакиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |