Редакцияот 17.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIХ сессиясы

 

2018-жылдын 17-ноябры №19-2

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом бюджеттик калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүү жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга карата калган калдык 3594,0 миң сом ,анын ичинен 3533,2 миң сому бюджеттик калдык 60,8 миң сому атайын каражаттын калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүлсүн.

2. 701- раздел боюнча Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинин негизинде муниципалдык кызматчыларга эки оклаттан сыйлык катары эмгек акысына 689,9 миң сом , ал эми соц.фондуна 119,0 миң сом каржылансын.

3. 704-раздел боюнча айыл өкмөттү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Чапаев айылына жаны ветеринардык сервис куруу иштери жана Барын айылында курулуп жаткан социалдык объектилерди жылытуу максатында жаңы откана курууга 2619,3 миң сом, каржылансын.

4. 702-раздел жарандык коргоону боюнча Кара-кокту айылындагы авариялык абалдагы көпүрөөнү калыбына келтирүү үчүн 100,0 миң сом каржылансын.

5. 710-раздел айыл аймагындагы ВИЧ, СПИД оорусу менен ооруган адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө 5,0 миң сом каржылансын.

6. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

И. Исмаилов