Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №27/4
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турдубековдун Кара-Суу айылындагы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине тийиштүү болгон бош жаткан жер аянтчасына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу 2 879 599 (Эки миллион сегиз жүз жетимиш тогуз мин беш жүз токсон тогуз) сом менен куруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өздүк салым үчүн 15 пайыздык 431940(Төрт жүз отуз бир мин тогуз жүз кырк) сомду Кара-Суу айылындагы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине тийиштүү болгон бош жаткан жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине каралып,проектиге бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|