Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №76
Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдын №01-18/126 буйругуна ылайык,Кара-Бак айыл өкмөтү Т.Нишанбаевдин 03.12.2018-жылдын 01-34/636 сунушунун негизинде, Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын иштөө тартиби жөнүндөгү Жобо жана комиссиянын курамы “мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып ,талкууга алынды. Жогорудагы туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын кортундусуна ылайык, Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын иштөө тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы 11 адамдан түзүлсүн жана төмөндөгү курамда бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы:Э.Амитов-БЖК уюмунун төрагасы
Катчысы:Н.Мамазакирова-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Мүчөлөрү:К.Амиракулов-айыл өкмөтүнүн жер адиси
Т.Матурайымов –айыл өкмөтүнүн орун басары
М.Надирова-айылдык кеңештин депутаты,төраганын орун басары
Ж.Надирова-айылдык кеңештин депутаты
Ж.Шадманова-айылдык кеңештин депутаты
Н.Сиддиков-айыл тургуну,коомдук уюмдун мүчөсү
Таштанбай уулу Азамат- БЖК уюмунун мүчөсү
Б.Ташбаев- жаштар уюмунун мүчөсү
Жолчу уулу Замир-жаштар уюмунун мүчөсү
3. Жогорудагы комиссия өз ишин 2019-жылдын 1-январынан баштасын.
4. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин жана жогорудагы Жобонун талаптары комиссия тарабынан жетекчиликке алынсын.
5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын.
9. Бул токтом Кара-Бак айылдык кеңешинин www.karabak.kg вебсайтына же гезиттерге жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|