Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №77
Кара-Бак айылынын тургундарынын сунушунун негизинде,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап, Жаңы базар, АВМ, Курук-Сай участкаларындагы жашоочулардын жашоо турмушун жакшыртуу максатында жана региондорду өнүктүрүү жылына карата Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын кортундусуна ылайык,Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылыны айланган Баткен-Кара-Бак маршуруттук каттамына өзгөртүү киргизүү демилгеси жактырылсын.
2. Комиссиянын сунушунун негизинде маршуруттук линия мурдакы маршуруттук каттамдагы жол менен барып, Сай аялдамасынан батышка карай жүрүп,Досболов Капсардин үйүнөн түштүккө карай жүрүп “Береке” дүкөнүнөн Баткен айланма жолунуна чыгып,күн батышка бурулуп,айылдын болбордук Сакы –Ата көчөсүндөгү мурдакы линиясына келген жол бекитилсин жана тийиштүү каттамды иштеткен мекемеге токтом сунушталсын.
3. Сай аялдамасынан Сакы-Ата аялдамасына чейинки жаңы маршуруттук жолду түздөп,тегиздеп,маршурутка жүрүүгө ынгайлаштырып оңдоого жергиликтүү бюджеттен 100 (жүз миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Датбак дачасынан Орто-Сай участкасына түшүүчү жолду маршурутка жүргүзүүгө тийиштүү мекеме менен келишүү жагы жана жолду тегиздөөгө сарпталуучу чыгымдар эсептелип такталсын.
5. Тийиштүү мекемелер менен макулдашуу,уруксат алуу иштерин бүтүрүү жана маршуруттук линиянын каттоо жолдоруна аялдамаларды курууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|