Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №81
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык комиссиялардын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 26.12.2018-жылдагы №226 токтомунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттык мандат ыйгарылган Осмонов Замирбек Исакджанович жана Козуев Эрали Миталиповичтердин депутаттык полномочиелери бекитилсин.
2. Осмонов Замирбек Исакджанович социалдык- маданий, байланыш жана коммуналдык чарба менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Козуев Эрали Миталипович транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|