Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №86
Дөбө айылынын айыл башчысы Т.Каламбековдун өз айылында жүргүзүп жаткан иштерин угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө айылынын айыл башчысы Т.Каламбековдун аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл башчы өз айылына инвестиция тартуу боюнча катуу иштеши пландуу түрдө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|