Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №87
Кара-Бак айылынын тургуну Айымбүбү Ажыкабылованын 2003-жылдан бери АВМ участкасынын үстүнкү жагындагы өзү пайдаланып жүргөн 0,10 га огород жерин өзүнө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын тургуну Айымбүбү Ажыкабылованын 2003-жылдан бери пайдаланып жүргөндүгүн эске алып, А.Ажыкабылованын өзүнө бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы өкмөткө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|