Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIХ сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры №88

Зардали айылынын тургуну Имигүлсүн Бүткөзованын арызын кароо жөнүндө

 

Кара-Бак айылдык кенешинин 18.09.2018-жылдагы №57 токтомунун негизинде Зардалы айылындагы 0,018га жер аянтты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган жана Бүткөзова Имигүлсүнгө бекитип берүү жагы сунуш кылынган.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 14.12.2018-жылдын №01-34/668 сунуш катынын негизинде Аты аталган токтомго өзгөртүү киргизип 2002-жылдын 15-марты №37 Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 12-статьясынын негизинде Бүткөзова Имигүлсүнгө акысыз бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зардалы айылын калктуу конуштар категориясындагы 0,018га жерди 80 жылдан бери пайдаланып келе жаткан жалгыз бой эне Бүткөзова Имигүлсүнгө акысыз бекитилип берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы өкмөткө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Каламбеков