ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленинполь айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
2018-жылдын 29-августу №34
Ленинполь айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-январындагы № 3 жана 2018-жылдын 06-мартындагы №6 токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы 7-кезектеги сессиясы Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштери боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 24-сентябрындагы АТ-72/18-МТ, АТ-06-41-АД чечимин, Бакай-Ата райондук прокуратурасынын 20- июнундагы №11/1-18-2 Ленинполь айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26- январындагы №3 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү каршылык билдируусун жана 20-июнундагы 11/1/18-1 Ленинполь айылдык кеңешинин 2018-жылдын 06-мартындагы №6 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү каршылык билдирүүсүн карап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы “Бакай-Ата” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана “Бакай-Жайыт” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин келишимдерин долбоорун жактыруу жөнүндөгү № 3 токтому жана 2018-жылдын 06-мартындагы №6 “Бакай-Жайыт” жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2018-жылга жайыттарды пайдалануу планын бекитуу жөнүндөгү №6 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|