Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-августу №39
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын экинчи абзацына ылайык Ленинполь Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндөгү типтүү Жобонун негизинде Бакай-Ата айыл өкмөтүнөн бузуулар жөнүндөгү комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Ж.Кубатов- Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты-комиссиянын төрагасы.
2. А.Канаев-Аскердик эсепке алуу столунун инспектору
3. Б.Казакбаев- Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты.
4. А.Муратбеков- Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты.
5. А.Омуралиев- Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты.
6. Н.Алымбеков-Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты.
7. Жанкорозов У- таза суу бөлүмүнүн кызматкери.
8. Сыдыков Р- өзгөчө кырдаалдар, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча башкы адис.
9. Токтогазы уулу Нурлан- аймактык тескөөчү инспектору.
10. Д.Шаботоева- Ленинполь Айылдык Кеңешинин депутаты.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|