Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-августу №42
Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, обройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексине ылайык иштелип чыккан Ленинполь айылдык кеңешинин этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|