Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-августу №43
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында -Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|