ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленинполь айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2018-жылдын 29-августу №44
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бакай-Ата айыл өкөкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|