ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленинполь айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2018-жылдын 29-августу №45
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөүтүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуунун камсыздоо максатында Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин. (1-тиркеме).
2. ”Бирдиктүү терезе ”принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|