Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №90
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 3-декабрындагы 656 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган 1,84 га жер аянтындагы курулушу бүтпөй калган оорукананын имараты 2 087 000 сомдук баланстык баасы менен Кадамжай шаарынын балансына алынсын (негиз көз карандысыз баалоочунун отчёту).
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|