КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы
2018-жылдын 04-декабры №94
Пүлгөн айылындагы орто жана төмөнкү басымдагы орнотулган газ түтүкчөлөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун балансына кайтарымсыз өткөрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы номери 599 кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-тайпасынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пүлгөн айылындагы газ түтүкчөсүнүн сметалык баасы 572185,5 (беш жүз жетимиш эки миң бир жүз сексен беш сом элүү тыйын) сом болгон орто басымдагы 822 метр жана төмөнкү басымдагы 1469 метр газ түтүкчөлөрүн жана 1 даана ШГРПны «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнун балансына кайтарымсыз (безвозмездно) өткөрүлүп берилсин.
2. Суралсын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун генералдык директору Б.Абилдаевден жогорудагы көрсөтүлгөн газ түтүкчөлөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун балансына алуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткырылышынын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|