Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №95
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2018-жылдын 22-октябрындагы 1-272 номериндеги “Шаардын уюшулгандыгынын күнүн белгилөө жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын уюшулгандыгынын күнү 2018-жылы белгиленбейт, келерки жылдары бюджеттин киреше жагын карап белгиленет.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|