Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №102
Кадамжай шаардык кеңешинин күн тартибиндеги маселе Кадамжай шаарынын 2019-жылга бюджетти жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу көлөмү «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2019-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 56131.5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылга чыгашалар бөлүгү 56131.5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кадамжай шаарынын 2020-2021-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2020-жылга кирешелер жана чыгашалары 59903.7 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык 2021-жылга кирешелер, чыгашалар 62938.7 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык жактырылсын .
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
5. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
6. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
7. Кадамжай шаарынын 2019-жылга бюджети 1-январь 2019-жылдан баштап ишке киргизилсин.
8. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|