Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №105
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын үлүштүк грант аркылуу шаар аймагындагы Кирова көчөсүнө тратуар куруу боюнча сметасын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Кадамжай шаарынын Кирова көчөсүнө 1 807 163 (бир миллион сегиз жүз жети миң бир жүз алтымыш үч) сомду түзгөн сметалык долбоордун 30% өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 542163 (беш жүз кырк эки миң бир жүз алтымыш үч) сом акча каражаты 2019-жыл ичинде ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|