Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №04
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы 1-май айылында 2018-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн элдик жыйында кабыл алынган чечимин талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылына бала бакчанын имаратын куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылына бала бакчанын имаратын куруу үчүн долбоорду даярдоо жагы Оро айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча адиси Т.Жаманкуловго тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салым 3 894305(үч миллион сегиз жүз токсон төрт миң үч жүз беш) сом болуп белгиленсин, анын ичинен 2146000(эки миллион бир жъз кырк алты миң) сому 2018- жылдын эсебинен каралган жана калган 1748305 сом акча каражаты накталай түрүндө айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 2019-жылдын бюджетинин эсебинен кароо жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Шадыбеков |
|
|