Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №29/5
Гүлчө айыл өкмөтүнүн юристи М.Козуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы мурдагы топ базага караштуу «Кара Алтын 2013» ЖЧК ишканасына тиешелүү 5,440 га жер аянтынын максаттуу багыты мал союлуучу жай (убойный цех) жана мал базар ачуу үчүн курулма курууга деп өзгөртүлүп бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерди М.Абдыкапаровдун наамына даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыктарына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Жээнбеков Д.Т. |