ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
2019-жылдын 08-февралы №29/7
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматын жоюп, ордуна айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө карата жер боюнча жетектөөчү адиси кызматын алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматын жоюп, ордуна айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө карата жер боюнча жетектөөчү адиси кызматы кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Жээнбеков Д.Т. |