ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
2019-жылдын 08-февралы №29/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн сметасында каралган акча каражатынан Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу көчкү коркунучунда жашаган атуулдарды көчүрүп чыгаруу үчүн сот органдарына берүүгө мамлекеттик пошлина төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн сметасында каралган акча каражатынан Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу көчкү коркунучунда жашаган атуулдарды көчүрүп чыгаруу үчүн сот органдарына берүүгө мамлекеттик пошлина төлөө үчүн 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыздоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Жээнбеков Д.Т. |